super.kg logo

Мэрия: "Биринчи вице-мэр үйүнүн короосунда бирөөнү сабаган деген маалымат калп"

 

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев эч кимди сабаган эмес. Бул тууралуу тактоо маалыматын шаар мэриясынан таратышты.

Анда шаардын вице-мэри Алмаз Бакетаев өз үйүнүн короосунда Ч.М. аттуу жаранды сабап салган деген маалымат чындыкка дал келбейт экендиги айтылат.

Алмаз Бакетаевдин өзү билдиргендей, ал үйүндө отуруп сыртта тепкичтер жактан ызы-чуу болуп жатканын уккан. Подъездге чыкканда аялдар менен эркек кишилердин чырына күбө болгон. Ал жактагылар кызуу кандуулукка алдырып урушуп жатканын, айрымдары канжалап жүргөнүн көргөн.

"Мушташты токтотуу керек эле. Себеби арасында аял кишилер менен бирге кичинекей балдар дагы жүргөн эле. Алардын арасынан бир эркекти эле подъездден тыш чыгарганга көп күчүмдү кетирдим. Урушуп жаткандардын кайым айтышуусу сыртта короодо уланды, бул көрүнүшкө кошуналар жана балдар күбө болушкан. Мен милиция кызматкерлерин жана сакчыларды чакырдым. Мушташтын себеби - ушул эле үйдүн жашоочусу болгон аял киши башка жашоочулардын балдарын уруп коюптур. Алардын арасында менин балам да бар. Мени мас болуп алып, бирөөнү сабаган деген маалымат калп", - деген биринчи вице-мэр.

Мэрия көзөмөлдөө камераларынан алынган видеодон деле уруп-сабоо фактысы болбогонун түшүнсө болорун белгилейт. Ошондой эле такталбаган, жалган маалымат үчүн сот жоопкерчилиги бар экенин эскертет.

Маалым болгондой, биринчи вице-мэр өзүнүн кадыр-баркын мыйзам чегинде коргоо ниети бар экенин билдирген.






Биринчи-вице мэр Алмаз Бакетаев жашаган үйдүн короосу жактагы көзөмөл камерасынан алынган 3 видео

Биринчи-вице мэр Алмаз Бакетаев жашаган үйдүн короосу жактагы көзөмөл камерасынан алынган 2 видео

Биринчи-вице мэр Алмаз Бакетаев жашаган үйдүн короосу жактагы көзөмөл камерасынан алынган видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.05.2020. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бут эле нервный азыр. Элден пейил кетип бараткандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: