super.kg logo

Соодасы солгундаган "дордойлуктар" (видеорепортаж)

 

Жалпы аянты 100 гектар жерди ээлеген "Дордой" базары көп тармактуу соода комплекси болуп эсептелет. Ири базар 1990-жылы түптөлүп баштаган. Бул жайда соода кылып, тиричилигин өткөргөндөрдүн саны расмий маалыматтар боюнча 50 миңден ашат.

Соода жайы карантинден кийин жанданып, кыймыл башталганы менен базардагы абалды мурункудай деп айтууга болбойт. Биз базардагы соодагерлердин жүзүнөн баштагыдай шаңдуулукту эмес, кандайдыр тынчсызданууну байкадык. Анткени соода кылууга келген керектөөчү жана сатып алуучулардын саны баштагы базарга салыштырмалуу кескин азайган. Аны соодагерлер өздөрү айтып берип жатты.

Шахзада Нишонова 20 жылдан бери "Дордой" базарында соода кылат. Айтымында, чек аралар ачылса, соодагерлердин соодасы жанданмак.

"Соода мурункудан жакшы эмес, эл да аз. Бирок базарда такыр эл жок деп да айтууга болбойт. Бирин-серин сатуучулар иш ордуна кайтып, керектөөчүлөр көбөйө баштады", - дейт ал.

Ал эми 57 жаштагы Чынара Алыкулова 20 жылдан ашык убакыттан бери соодагерлерге чай, кофе сатып иштейт. Ал базарды катуу сагынганын жана эч качан базар мынчалык узак убакытка жабылбашын каалап "базар жабылбасын, анткени бул жер көпчүлүктүн акча тапкан жайы" дейт.

Сооданын солгундаганы бир эле сатуучуларга эмес, жумушчуларга да байкалган. Базарда араба түртүп, жүк ташып иштеген Абдрай Койгелдиев мурун күнүнө 1000 сомдон ашык акча тапса азыр кирешеси азайып, тапкан акчасы 500 сомго да жетпей жатканын айтат. Ага карабай ал баарына шүгүр айтып, баштагы иш ыргагы калыбына келет деген ишеничте.

"Дордой" базары пандемияга байланыштуу 23-мартта жабылып, соодагерлер ишин токтоткон.

SUPER.KG порталы дээрлик 2 ай жансыз турган базардын жанданган учуруна көз чаптырды. Толук видеоматериалдан көрүңүз.






Соодасы солгундаган “дордойлуктар“

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.05.2020. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн башкысы Ден соолук кыргыз элим биз кучтуубуз бул сыноодон да оторбуз.Аллахым колдосун.Буйруса баары сонун болот оз ордуна келет мурдакыдай жашообуз кайтат.
29.05.2020. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дордойдо иштеп акча тапкан элге эле боорум оорубаса Дордойдун жетекчилерине эмне болсон ошо бол.
29.05.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охрано 3айга сурап ататко олгонго комгон кылып
29.05.2020. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салымбеков карап койсо болмок базардын ичин каша кылатко охрано 1350сом эми элестеткиле
anash түзөттү 2020-05-29 13:04:07
SUPER.KG видео
29.05.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дордойдо иштеген тачкистерге салам өзгөчө нөлөвой прохотто иштеген Мурат досума чоң салам. Күч кубат берсин мээнеткеч инсандар
SUPER.KG видео
29.05.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салымбеков А рахмат айткыла камыш басып жаткан жерди базар кылып,ушунча элди жумуш менен камсыз кылганына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: