Жалал-Абад. 10 сом да акча. Мугалимдер айлыктарынан акча кармап калган айыл өкмөт башчыга нааразы
Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айылындагы мугалимдер айлыктарынан 10 сомдон кармап калган айыл өкмөт башчысына нааразы. Айыл өкмөт башчы СССРдин Баатыры Т.Тайгараевдин 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө мугалимдердин айлыктарынан 10 сомдон кармап калыптыр. Айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөт башчы Рахман Шергазиев 10 сомдон кармалганын, бирок бул мугалимдердин макулдугу менен болгонун айтты. Бул фактыны иликтөө үчүн айылдык кеңештин депутаттары комиссия түзмөй болушуптур.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

