"Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык форум өттү
28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык форум өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Форум БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.
Иш-чара видеоконференция форматында өтүп, анын жүрүшүндө БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Германия, Франция, Швейцария, Италия, Улуу Британия, Испания, Канада, Аргентина, Япония, Сауд Арабиясы, Казакстан, Тажикстан, ТАР, Алжир, Гана жана башка Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн лидерлери баяндама жасашты.
Ошондой эле эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилери сөз сүйлөштү.
Президент Сооронбай Жээнбеков Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакыруусу боюнча аталган эл аралык форумга катышып, учурда түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча бир катар сунуштары менен чыгып сөз сүйлөдү.
Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы экинчи этап менен саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады.
Мындан сырткары экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системине жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

