Депутат Исаев: "Бишкек" эркин экономикалык аймакты өкмөт көзөмөлдөбөй, алар өзүнчө мамлекет болуп алышты"
Бүгүн, 29-майда "Кыргызстан" фракциясында "Бишкек" эркин экономикалык аймак тууралуу маселе каралып жатат. Анда депутат Канат Исаев "Бишкек" эркин экономикалык аймакты өкмөт көзөмөлдөбөй жатканын айтты.
"Бишкек" эркин экономикалык аймак 350 миллион сомдон ашык каражат чогултат. Өкмөттүн токтомунун негизинде мамлекетке ошонун 2 пайызын, 6 миллион сомдун тегерегинде төлөм кылыш керек. Өкмөттүн быйылкы март айындагы токтомунун негизинде, 2016-жылдан баштап 2 пайызды 0,2 пайызга которуп, 2019-жылы 0,02 пайызга которуп жатат. Сиз жетекчи болуп келгенден бери штаттык түзүм эки эсеге көбөйүптүр. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 10 миллион сом которуп жатасыңар. Эсебиңизде 50 миллион сомдон ашык каражат турат. Мурункудай эле мамлекетке 2 пайыз төлөм төлөп коё турган болсоңор эч нерсеңер кемибейт болчу. Өкмөт, экономика министри "Бишкек" эркин экономикалык аймакты бир карап койбойсуңар. Аймакты мамлекет көзөмөлдөбөй, алар өзүнчө мамлекет болуп калыптыр. 346 гектар аянтты камтыган чарбаны жылына 60 миң сом төлөй турган кылып жатасыңар. Башкы дирекция акчаны каалагандай колдонууда. Элдар Абакиров менен сүйлөштүк 2 жылдан бери бул токтомдун кабыл алышына каршы болуп жатканын айтты.
Аймактын директорунун орун басары өкмөттүн токтому менен дайындалат деп турат. Сиз болсо орун басарыңызды өзүңүз дайындап жатасыз. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. "Бишкек" эркин экономикалык аймакты көзөмөлдөй турган бир дагы орган жок экен. Өкмөт сурап да койбойт экенсиңер. Тескерисинче "Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчиси экономика министрин чакырып алып коркутат экен. "Бул мыйзамды кабыл алганга каршы болсоңор кызматтан кетесиң" деп коркутуптур. Ал расмий түрдө айтып бере турганын билдирди", - дейт Канат Исаев.

