"Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчилери 60 миң сомдон айлык алышса, Жогорку Кеңештин депутаттары 37 миң сом алабыз" дейт депутат
Депутат Канат Исаев "Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчилери 60 миң сомдон айлык ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчилери 60 миң сомдон айлык алышат экен. Биз болсо Жогорку Кеңештин депутаттары 37 миң сом алабыз. Күйүүчү майды колдонуу боюнча лимит такыр эле жок. Каалагандай чыгаша кылып жатышат. Аларды эч ким текшербейт.
2012-жылы келген жетекчи эки күндө 44 кишини кыскарткан экен. Ошондо айына 3 жарым миллион сом үнөмдөлүп баштаган. Азыр болсо директордун үстүнө директор кылып жатасыздар. Азыр мамлекет кыйналып жатканда, мындай ишканадан жок дегенде 50-100 миллион сомго чейин төлөй тургандай резерв бар экен. Болгону оптимизация кылыш керек экен", - деди Исаев.
"Бишкек" эркин экономикалык аймактын директору Дүйшөн Ирсалиев ал кызматка келгенге чейин штаттык түзүм 600 адам болгонун айтты. "Азыр штаттык түзүмдү 300гө түшүрдүк. Аппаратта 45 адам, калганы жумушчулар. Бир орун басарым премьер-министрдин буйругу менен бекитилген. Мыйзам боюнча 2 орун басар болсо болот. Экинчи орун басарды өзүм дайындагам", - деди Ирсалиев.






1 |