super.kg logo

Нурболот Үсөнбаев: "Тыгыз байланыштар өлкөдө эпидемиологиялык абалды начарлатты"

 

Медициналык мекемелерде тыгыз байланыштар көп болуп, эпидемиологиялык абал курчуп кеткенин бүгүн, 29-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Бир нече медициналык мекемелерде ооругандардын саны көбөйүп кетти. Аларга Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Жугуштуу оорулар ооруканасы жана Онкология борбору кирет. Ал эми Нарын облустук ооруканасында дагы ооругандар көп катталды. Ошондой эле Нарын ШИИБинин кызматкерлери дагы жугузуп алган. Тактап айтканда, топ-топ болуп ооругандар көбөйүп кетти, булардын баары ооругандар менен тыгыз байланышта болгондор. Мына ушул жагдайлар эпидемиологиялык абалды курчуткан. Учурда стационарда 558 адам жатат. Алардын 16сы оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Орточо оор абалда 88 адам жатса, канааттандырарлык абалда 460. Ооруканадан чыгарылгандарын саны 1 миң 88 болсо, учурда үй карантинде 7 миң 222 адам жатат", - деди Үсөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: