super.kg logo

Өлкө боюнча жазгы талаа иштери былтыркы жылга салыштырмалуу 10-12 күнгө эрте бүттү

 

Өлкөгө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгенине карабастан, жазгы талаа иштери былтыркы жылга салыштырмалуу 10-12 күнгө эрте бүттү. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев онлайн брифинг учурунда айтты.

"Жазгы талаа иштери былтыркы жылга салыштырмалуу 10-12 күнгө эрте аяктады. Биз быйылкы жылы дан эгиндерине басым жасап, анын себүү аянтын 646 миң 100 гектар аянтка жеткиздик. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 22 миң гектар аянтка көп. Атап айтсак: буудай 247 миң 600 гектарга себилди (былтыркыга караганда 8 миң гектарга көп), дандык жүгөрү 107 миң 400 гектар аянтка себилди (1 миң 200 гектарга көп), чанактуу өсүмдүктөр 63 миң 200 гектар аянтка себилди (2 миң гектарга көп), арпа 215 миң гектарга себилди (9 миң 900 гектар аянтка көп)", - деди Чодуев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: