Депутат "Бишкек" СЭЗдин директору бир тууганын жумушка алганын айтты
Депутат Канат Исаев "Бишкек" эркин экономикалык аймактын директору бир тууганын жумушка алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бишкек" эркин экономикалык аймактын директору Дүйшөн Ирсалиев бир тууганы жоопкерчиликтүү кызматта эмес экенин айтты. "Тууганың деп айтып жатасыз. Баарыбызда тууган бар. Ал килейген жоопкерчиликтүү кызматта отурган жок. Алып кел, берип кел деген жумушта. Сиздин бир туугандарыңызды деле биз санаган жокпуз да. Бүгүн барып кызматтан кетирели", - деди ал.
Канат Исаев: "Менин бир туугандарым кол астымда иштебейт", - дейт.
Мындан тышкары депутат "Бишкек" эркин экономикалык аймакта штаттык түзүм эки эсеге көбөйгөнүн айтты.
Дүйшөн Ирсалиев ал кызматка келгенге чейин штаттык түзүм 600 адам болгонун билдирди. Азыр штаттык түзүмдү 300гө кыскартканын белгиледи.

