"Карантиндик нормаларды туура сактабай жаткандар абдан көп болуп жатат" дейт биринчи вице-премьер
Бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын өткөрдү.
Анда ага "Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү. Кайрадан чектөөлөр киргизүү каралбайбы?" деген суроо берилди.
"Кайрадан чектөө киргизүүгө барбайбыз деп ойлойм. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында карантин киргизилген, карантиндин нормаларын туура сактоо керек. Карантиндик нормаларды туура сактабай жаткандар абдан көп болуп жатат. Жалпы баарыбыз эрежелерге так болушубуз керек", - деди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.