Корея Кыргыз өлкөсүнө коронавирус менен күрөшүүгө жардам катары 300 миң доллар бөлдү
Корея Республикасынын өкмөтү гуманитардык жардам иретинде Кыргыз өлкөсүнө 300 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жардам Кыргыз Республикасынын COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында берилген. Көрсөтүлгөн суммага ПЦР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынган.
Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин аракеттери менен 28 миңден ашык долларга гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЦР-тесттер алынган.
"Бүгүн, 29-майда бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.
Жалпысынан 26 миң 950 ПЦР-тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү каражаттар 2 жабдык топтому менен келди", - деп маалымдашты өкмөттөн.

Кайран чоңдордун чөнтөгү кампаят экен да