super.kg logo

Америкалык айым энесинин пенсиясын алуу үчүн сөөгүн 15 жыл жер төлөдө сактаган

 

АКШнын Пенсильвания штатынын тургуну Синтия Блэк чоң энесинин сөөгүн 15 жыл бою жер төлөдө сактап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, небереси чоң энесинин сөөгүн пенсия жана башка социалдык төлөмдөрүн алуу үчүн жашырып жүргөн. 2019-жылы февралда гана маркум Гленора Делахейдин сөөгүн табышкан. Сырдуу окуяны иликтеп отуруп, укук коргоо органдары бир жылдан кийин гана небереси, 62 жаштагы Синтия Блэкке чыгышкан. 26-май күнү кылмышка шектүүнү кармашканда ал чоң энеси 2004-жылы 97 жашында каза болгонун айткан.

Небереси чоң энесине берилип келген пенсия, социалдык төлөмдөрдү ипотекасын төлөөгө жумшаганын жана ал акчадан куру калууну каалабаганын билдирген. Ал эми маркумдун сөөгүн жер төлөгө түшүрүп, чоң тоңдургучка салып койгонун айткан.

Полиция Синтия Блэкке уурулук, мыйзамсыз мүлккө ээлик кылуу жана сөөккө келеке мамиле кылуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(4)
29.05.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдугуң кургур
29.05.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы заманда олуш деле "опасно" болуп калды тооба... 97+15=112ге чыккан кемпир не болду деп кабар алып койбогон окмоту деле зокур окшобойбу...
30.05.2020. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аны тоңдуруп алып пенсиясын кантип алып жүргөн, ошол жагында түшүндүргүлөчү? Анан тоңдурбасада ал өлгөндөн кийин ал кемпирди колдоно албайтко.
0001KG түзөттү 2020-05-30 05:47:08
30.05.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тумшугуң менен жерге киргир башка жол менен ипотекаңды төлөсөң болбойт беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: