Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов: "Карыз албасак, энергетиканы оңдой албайбыз"
"Насыя албасак, анда Кыргызстандагы энергетика тармагын оңдой албайбыз". Мындай пикирди Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бүгүн ЖКда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Азия өнүктүрүү банкы бермекчи болуп жаткан 55 миллион доллар Токтогул ГЭСине жумшала турганын да кошумчалады министр. Айта кетсек, ЖКда "КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Энергетика секторун реабилитациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүү күнүнө жиберилди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

