super.kg logo

Өлкөдө жөнөкөй тамекини да, электрондук чылымды да көп чеккендер 15-16 жаштагылар болуп жатканы айтылды

 

Кыргыз өлкөсүндө өспүрүмдөр арасында электрондук чылым чегүү популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алийна Алтымышева билдирди.

Жыйында 31-майда Бүткүл дүйнөлүк чылымга каршы күрөшүү күнү белгилене турганы, анын алкагында биздин өлкөдөгү чылымга байланыштуу абал тууралуу маалымат даярдалганы айтылды.

"Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 8 миллиондон ашуун адам чылым чегүүдөн келип чыккан оорулардан улам көз жумат. Ага карабай тамеки өндүрүшү кардарларды тартуу үчүн көптөгөн манипуляциялык жолдорду ойлоп таап, аны активдүү пропагандалап келишет. Тамеки чыгаруучу компаниялардын негизги кардарлары өспүрүмдөр жана аялдар.

Биздин өлкөнүн эле мисалында алсак, былтыр 15-16 жаштагы балдар арасында изилдөө жүргүзгөнбүз. Анын натыйжасында өспүрүмдөр арасында чылым чегүү тенденциясы күч алганы аныкталган. Ден соолукка абдан зыян делген электрондук чылымдарды бир гана Бишкек шаарында эмес, аймактарда дагы көп колдонуп башташыптыр. Баса белгилеп айтып кетүүчү нерсе, тамеки өндүрүүчү компаниялар жарнамасында көрсөткөндөй электрондук чылымдар коопсуз эмес. Тескерисинче алар жөнөкөй тамекиге караганда тез зыян берет. Анын дозасын эсептөө мүмкүн болбогондуктан, ага уулангандардын, айрым учурда көз жумгандардын саны күн санап өсүп баратат.

Электрондук чылымдарды көп чеккен өспүрүмдөр көбүнчө улгайган адамдарда кездешүүчү инфаркт, инсульт, гипертония ооруларынын пайда болушун шарттайт. Мындан тышкары онкологиялык илдетке чалдыгышы толук мүмкүн. Биздин өлкөдө жөнөкөй тамекини да, электрондук чылымды да көп колдонгон бул 15-16 жаштагылар болууда. Тамеки өндүрүүчү компаниялар балдарыбыздын саламаттыгын ойлобойт. Тескерисинче кооз кутуларды чыгарып, чылымга кандай даамдарды кошуп, белгилүү адамдар аркылуу социалдык тармактарда активдүү жарнама иштерин жүргүзүшүүдө", - деди Алийна Алтымышева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: