Панфилов районунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочу каза болду
Чүйдүн Панфилов районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-май күнү саат 19:30 чамасында Чалдыбар - Чолок-Арык жолунда болгон.
"Subaru Forester унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу окуя болгон жерден каза болуп, ал эми эки жүргүнчү Панфилов аймактык ооруканасына жаткырылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.