super.kg logo

«Газпромнефть» лоялдуулук программасынын бардык катышуучуларына "платина" белекке берет

 

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы карантин аяктагандан кийин өлкөдөгү бардык автоунаа ээлерин колдоо максатында лоялдуулук программасынын бардык катышуучуларынын статусун эң жогорку "Платина" деңгээлине көтөрөт. Ошентип, "Сапарыбыз бир" картасынын ээлери болгон унаа сүйүүчүлөрү 2020-жылдын июнь айы бою май куюучу жайдан же дүкөндөн ар бир соода кылганы үчүн максималдуу бонусту топтой алышат.

"Сапарыбыз бир" лоялдуулук бонустук программасынын эрежеси боюнча "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынан жана Drive Café дүкөндөрүнөн күйүүчү май жана ар кандай товар сатып алуу менен катышуучунун картасына балл которулат. Ал баллды кардар кийин май куюучу жайдан алган бардык товарга төлөм жүргүзүүдө 1 балл=1сом деген эсеп менен колдоно алат.

"Платина" статусуна ээ болгон учурда упайлар кандайча ыйгарылат:

- Премиум G-Drive күйүүчү майын сатып алууда кардардын лоялдуулук картасына сатып алынган күйүүчү майдын ар бир литринен 1,25 балл кайтарылат;

- Кадимки күйүүчү май же суюлтулган көмүр суутектүү газын сатып алгандардын лоялдуулук картасына күйүүчү майдын ар бир литринен 1 балл кайтарылат;

- Май куюучу жайлар тармагындагы дүкөндөн жана Drive Café дүкөнүнөн кошо товар сатып алууда лоялдуулук картага сарпталган ар бир 50 сом үчүн 1 балл кардарга кайтарылат.

Бир ай бою лоялдуулук программасынын катышуучулары европалык стандарттагы Орусиянын жогорку сапаттагы күйүүчү майын максималдуу пайда көрүү менен менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.



Маалымат үчүн:

Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - бул кардарларга компаниянын ар түрдүү продукциясын пайда көрүү менен сатып алуу жана лоялдуулук картасына балл топтоо мүмкүнчүлүгүн берет. Андан тышкары атайын акцияларга байма-бай катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Алынган упайлардын саны картанын статусуна жараша болот: "Күмүш", "Алтын", "Платина". Картанын статусу унаага өткөн айда «Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагынан куйган күйүүчү майдын көлөмү менен аныкталат.

Бүгүнкү күндө лоялдуулук программасын 230 миңден ашык авто сүйүүчүлөр колдонот.

"Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасына катышуу үчүн "Газпромнефть" май куюучу жайларынан лоялдуулук картасын сатып алып, атайын анкетаны толтурушуңуз керек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: