super.kg logo

Англиялык жеке ишкер айылдаштарын эки айдан бери бекер багып келет

 

Англиялык бай киши өзүнүн айылындагы бардык жашоочуларды карантин жарыяланган эки айдан бери бекер багып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Англиянын Оксфордшир графтыгындагы Денчуорт айылында паб (сыра саткан, арзан тамактанууга мүмкүн болгон жай) иштеткен бай киши айылдагы болгон 170 жашоочуну балык жана фри картошкасынан даярдалган тамак менен эки ай бою багып келет. Ал жумушчулары аркылуу карантин жарыяланган эки айдан бери айылдаштарына бекер тамак жөнөтүп турган. Эми болсо өздүгүн коомчулуктан жашырган жеке ишкер айыл тургундарга жаңы сынак жарыялады. Анын талабы боюнча, жашоочулар эки ай ичинде учурдагы салмагынан 10 пайызга арыкташы керек. Ошондо ал сынактан өткөн ар бир жаранга 100 фунт стерлинг (болжолдуу 9 миң 74 сом) берерин билдирген. Ал үчүн сынакка катышкан адам таразага туруп, салмагынын көрсөткүчү менен өзүн кошо сүрөткө тартып, ишкерге тамак ташыгандар аркылуу жөнөтүшү керек. Эки айдан соң кайра ошол калыптагы арыктаганын далилдеген сүрөттү жөнөтүүсү кажет. Пабдын жетекчиси өзү да таймашка катышары айтылат. Анан да жашоочуларга буга чейинки берип жүргөн тамактарын дагы деле уланта бермекчи.

Өзүн анонимдүү калтыргысы келген адамды журналисттер иликтеп, чынында эле аталган айылда бай адам жашарын билишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.05.2020. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азамат киши экен, азыркы жашоодо эки адамга тамак бериш кыйын го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: