super.kg logo

Нурболот Үсөнбаев май айы ичинде чет жерден миңге чукул Кыргыз жараны келгенин айтты (видео, хронология)

 

Бүгүн, 30-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-30 10:32

"Карантин алынбайт. Бул өзгөчө чечим менен кабыл алынат. Чектөөлөрдү толугу менен алып койгонго шарт жок", - дейт Нурболот Үсөнбаев.

2020-05-30 10:31

"Коронавирус жуктуруп алгандарды кабыл алуу үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасы качан ачылат?" деген суроо берилди.

Министрдин орун басары: "Бул маселе оорулуулардын санына жараша болот. Эгерде башка базалар толуп, ооругандарды кабыл алганга шарт болбой калган учурда аталган оорукананы ачсак болот", - деди.

2020-05-30 10:30

Май айында сырттан 976 адам келгени айтылды. Алар обсервацияга, үй карантинине алынган. 

2020-05-30 10:24

Стационарда 593 адам, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө 6 бейтап жатат.

2020-05-30 10:11

Нурболот Үсөнбаев талаптар аткарылбай жатканын айтты. Ал жарандарды санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

2020-05-30 10:10

Министрдин орун басары билдиргендей, акыркы сутка ичинде 2 миң 495 изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

2020-05-30 10:07

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 

Алар:
Бишкек шаарында – 2;
Нарын облусунда – 12.
Жалпы 344 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

2020-05-30 10:06

“Бүгүн 60 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24үндө вирус тастыкталган. Андан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, - деди министрдин орун басары.

2020-05-30 10:05

30-майга карата дагы 60 адамдан коронавирус аныкталды. 

Алар:
Бишкек шаарында - 23 + 2 Орусиядан келген курсанттардан;
Чүй облусунда - 1 + 2 Орусиядан келгендерден;
Нарын облусунда - 32.

Республика боюнча: 1 722.

2020-05-30 10:03

Бир сутка ичинде ооруканадан 25 бейтап чыгарылды.

Алар:
Бишкек шаары - 15;
Нарын облусу - 10.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1 113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
30.05.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Койгулачы э бул цирк, спектакль эч кандай вирус жок ! Бул чооң дүйнөлүк политика!
30.05.2020. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кирип кеткилечи кирер жеринерге надоели уже тупой и калаваран өкмөт чисто тупицалар иштейт бизде колдорунан балээ да келбеген малдар бизде. Позор позор позор.
30.05.2020. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде позор босо россия менен АКШда даги жокбу вирус
zidanjon1 түзөттү 2020-05-30 11:03:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: