super.kg logo

УКМК: "Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев кармалды"

 

"Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл облусунда "Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси "жасалма документтер" жана 204-беренеси "алдамчылык" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМКда бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК Камил Рузиевден жабыркагандар болсо УКМК Ысык-Көл облустук башкармалыгынын 03922 5 11 80 жана УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн 0312 66 04 75 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: