Кытай окумуштуулары коронавирустун адамга деңиз азыктары сатылган базардан жукпаганын далилдешти
Кытайдын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери коронавирустун келип чыгыш тегин аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.
Изилдөөлөр үчүн Ухандагы базардан алынган деңиз азыктарынын үлгүлөрү колдонулганы айтылат.
"Жыйынтыгында деңиз азыктарынан COVID-19 инфекциясына тектеш клеткалар табылган эмес. Демек, вирус алгачкы жолу адамга мурда айтылып келгендей базарда сатылган азыктардан жуккан эмес.
Мындан тышкары Кытайда биринчилерден болуп вирус аныкталган 13 адам тууралуу кенен маалымат чогултулган. Анда бул адамдардын базар менен байланышы болбогону тастыкталган. Ошону менен катар эле окумуштуулар вирус адамга жарганаттардан жуккан деген тыянакка келишкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

дүйнө жүзүн чоголотуп койду