super.kg logo

Соңку 1 айда илдет 3 миллионго чукул адамга жукту. Коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкө (30-майга карата)

 

Бүгүн, 30-май саат 22:00гө карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:

1. АКШ - 1 миллион 750 миң 203
2. Бразилия - 465 миң 166
3. Орусия - 396 миң 575
4. Улуу Британия - 272 миң 615
5. Испания - 239 миң 228
6. Италия - 232 миң 248
7. Франция - 186 миң 924
8. Германия - 183 миң 125
9. Индия - 180 миң 621
10. Түркия - 162 миң 120

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 5 миллион 974 миң 938. 9-мартта бул көрсөткүч 111 миң 228, 17-мартта 183 миң 356, 27-мартта 551 миң 337, 10-апрелде 1 миллион 619 миң 495, 30-апрелде 3 миллион 231 миң 701 адам эле.

Буга чейинки менен азыркы рейтингдин айырмасы бул 1 айда ондукта жок Бразилиянын 2-сапка чыкканы болду. Ал эми Орусия 8-орундан 3-сапка көтөрүлгөн. Илдеттин очогу болгон Кытай ондукта жок. Рейтингден ошондой эле Иран сүрүлүп чыгып, анын ордуна Индия кирген.



Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
30.05.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баардыгы жараткан Тенирден болот. Бир гана жараткан Тенирден жакшы бата тилеп жашайлык.
31.05.2020. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Батаны Аллахтан сурагыла, бизде Тенирчилер жок . Аллахым берген сыноосун женилдетип олкобуз гулдоп оссун. Аминъ
31.05.2020. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул супер инфого киргенде гана коментарийлерден окуп калам теңир деген сөздү, ушулар жүрөгү менен Аллага ишенип колу менен теңир деп жазсалар керек деп эле ойлоп калам, себеби башка эч жерде окуганымда, көргөнүмда жок теңир колдосун дегенди! Адашпагыла теңир деп, ата -бабаларыбыз мусулман болгондон кийин биз да мусулманбыз! Жети атаңардын арбайын кыйнабагыла теңир деп, Аллах сактайт баарыбызды, ал жалгыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: