super.kg logo

Өзбекстандан келген гуманитардык жардам Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилди (фото)

 

Кечээ, 30-май күнү Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө гуманитардык жүктү берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

"Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорит, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык кол кап жана бет кап, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту менен жеткирилди.

Кыргыз
тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалоо менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
31.05.2020. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул өзбектер жөндөн жөн жардам бербейт,150га жердин ордуна окшойт
31.05.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baktyluu_bolgum_kelet, жаңы келген президент коңшулары менен жакшы мамиледе болуп бири бирине кошуналык жардамдардын берип жаткандыр. Өткөндө да бир партиясы келип, биздикилер да колунан келишинче жардам жөнөтүшкөн. Билип билбей терс пикир жазганбыз туура эмес тууганым
31.05.2020. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Коншу мамлекеттерден жардам албай калган кунубуз качан болоор экен. Уят эле да кичинекей мамлекетбиз. Мункунчулуктор, байлыгыбызды чондорубуз корупцияга малынып элдин канын сорду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: