Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды
85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Баатыр Жалиев 1977-жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Сүрөтчүнүн «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылыктагы чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.
Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негизделген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет. Анын сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган. Таланттуу сүрөтчү, кыргыз сүрөт өнөрүнүн классиктеринин бири Баатыр Жалиевдин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат маалыматта.


Супер,балана ушинтип айтып,жазып коюшун мумкун.
Жалпы эл окуйт бул сайттан.Чыгарбайсынарбы тарткан сурот эмгектерин.