super.kg logo

Индияда 3 жылдан кийин пакистандык чалгынчы-көгүчкөндү камактан бошотушту

 

Индиянын полициясы чалгынчылыкка шектелип кармалган пакистандык көгүчкөндү 3 жылдан кийин бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3 жыл мурун көгүчкөн Индия менен Пакистан өлкөсүнүн талаш чек арасынан учуп бараткан жеринен кармалган. Жашоочуларды көгүчкөндүн бутундагы номер шек жараткан. Бул революциялык уюмдун мүчөлөрү үчүн берилген сырдуу код болушу мүмкүн деп болжошкон. "Бул жөн гана күнөөсүз канаттуу. Көгүчкөндөр арасында өткөрүлгөн жарышка катышкан. Ал эми анын бутундагы номер менин номерим", - деген Хабибулла аттуу көгүчкөндүн кожоюну. Пакистанда чымчыктардын жарышы популярдуу оюн катары кабыл алынат жана ага катышкан канаттуулар байма-бай жоголуп кетери айтылат.

Маалыматка караганда, көгүчкөндү Индия тарап 2016-жылы октябрь айында камакка алышкан. Анын таманында "Лашкаре-Тайбе" террордук тобунун мүчөлөрү тарабынан жазылган коркутуп-үркүтүү каты катылганы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
31.05.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш көгүчкөн анда эмне айып десең
31.05.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эй,эмнеге көгүчкөнду камашат тообо)))
Башын окуп келе жатып күлкүм келди эле эмне чек арадан уруксатсыз өткөнү үчүн камаганбы деп...Кызык чын эле кантип кармашат болду экен учуп жүргөн көгүчкөнду???
01.06.2020. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш когучкон, эркек когучкон экен, омуру узун болсун эми. Камакта эмне менен багышты экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: