super.kg logo

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режиминде өтөт

 

Эртең, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө балдардын алгачкы онлайн саммити өтөт деп маалымдашты өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Ага ылайык, иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольм жана башка расмий адамдар катышат.

"Ушул жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режиминде өтүп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн балдарынын биринчи онлайн саммитинде балдар жана өспүрүмдөр балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө болгон көз караштары, ошондой эле аларды тынчсыздандырган маселелерди кандай даректөө керектиги жөнүндө талкуулашат.

Иш-чарага 50 бала катышып, ар кыл түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда өз көйгөйлөрүн талкуулашат. Ар бир аймактан 6дан бала, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынан 4төн бала чыгат.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тандоо критерийи катары гендердик теңдик, өлкөдөгү негизги тилдик топтордун пропорционалдуу өкүлчүлүгү (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) каралган, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана калктын аярлуу катмарына кирген балдар кошулган", - деп жазылат маалыматта.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча, зомбулукту токтотуу үчүн балдардын кайрылуусу кабыл алынат, анда балдар жана өспүрүмдөрдүн негизги бүтүмдөрү бириктирилип, бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана ар кыл түрдөгү денеге залал келтирүүгө тыюу салууну колдоо үчүн 10 000 ашуун адам кол койгон Тумар Манифести менен бирге улуттук ЖМКларга берилип, өлкөнүн институттары арасында жайылтылат.

Өлкөнүн бардык балдары иш-чараны реалдуу убакыт режиминде "ЭлТР" телеканалынан саат 11:00дө көрө алышат.

Түштөн кийин саммитти төмөнкү телеканалдар аркылуу көрүүгө болот:

- Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;

- «ЭлТР» Мамлекеттик телерадиокомпаниясы;

- «Медиа Холдинг «Пирамида» ЖЧКсы;

- «Бешинчи канал» ЖАКы;

- «Ынтымак» Коомдук аймактык телерадиокомпаниясы;

- «ОшТВ» телерадиокомпаниясы ЖЧКсы;

- Баткен облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

- Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

- Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

- Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

- Талас облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

- Чүй облустук «СТВ» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: