super.kg logo

Чечме айылындагы чырды жөнгө салуу иштери жүрүүдө

 

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Чечме айылы менен Чашма айылынын тургундарынын ортосундагы чырды жөнгө салуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн 31-май саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр-чатак эки тарап Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда, аталган булак бизге таандык дешип сөз талашып чырдашып кетишкен. Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбек Республикасынын Сох районунун акими чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Чечме айылында кыргыз-тажик элинин арасында чыр чыгып, жаракат алгандар тууралуу жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: