ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө эркек киши чөгүп кетти
Бүгүн, 31-май күнү саат 14:19да Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө эркек адам чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 4 куткаруучу тартылып, кырсык катталган жерде издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00 чамасында 2001-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.