super.kg logo

"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды

 

"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү УКМК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунда коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү, 1971-жылы туулган М.И. кармалган.

Такталган маалыматтар боюнча, М.И. "Хизбут-Тахрир" диний уюмга эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, модемдер, уюлдук телефондор жана SIM-карталар табылган.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда шектүүнү мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.06.2020. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз жаштарын ашкере исламдашуусун токтотуш керек. Аягы жакшы болбойт. Ашкере исламдашуу кыргыз элинин маданиятынын өсүп өнүгүшүнө өтө терс таасирин тийгизет. Кыргызстанда көп кырдуу маданиятты өнүктүрүп, жаштарды эскиче көз караштан арылтуу зарыл. Бир жактуу ой жүгүрткөн ашыкча динчилдер көбөйдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: