super.kg logo

Нидерландыдагы ресторанда кардарларды робот официанттар тейлей баштайт

 

Нидерландыдагы ресторанда кардарларды робот официанттар тейлей баштайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ага ылайык, бул ресторан Нидерландынын Ренессе шаарчасында жайгашкан. Ресторандын ээси бул роботторду 2019-жылы күзүндө Кытайдан "Royal Palace" ресторанында кардарларды тейлеп жатканын көрүп, анан алып келген. Ал мынчалык пайда алып келе тургандыгын бир канча ай мурун эч ойлобогон. Робот официанттардын кызматы өзгөчө коронавирус пандемиясында кереги тийди.

Эми ресторандын ичинде ак-кызыл жылтыраган эки робот имарат ачылган соң тамактарды жана суусундуктарды ташыйт. Мындан сырткары алар булганган идиштерди дагы чогултмакчы. Робот официанттардын дагы бир өзгөчөлүгү кардарлар менен саламдаша алгандыгында.

Нидерландыда ресторандар бүгүн, 1-июндан баштап, тагыраагы, эки айлык тыныгуудан соң ачылат. Бир учурда 30 кардарды гана тейлөөгө уруксат берилет.

Нидерландыда коронавирус менен 46 миң 442 адам катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.06.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына жетишкендик.Биздикилер, мындай нерсеге жетмек тугул андан бер жагы жок! Биздикилер только озунун жеке кызыкчылыгын ойлойт,жер сатат арам акча жегенден башка нерсе билбейт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: