super.kg logo

"Европада коронавирус күзүндө эле башталган". Франциялык дарыгерлер COVID-19 тууралуу жаңы ачылыш жасашты

 

Европанын аймагында коронавирус күз айларында эле башталган болушу мүмкүн. Мындай пикирди франциялык дарыгер Ив Коэн айтып чыккан.

Маалыматта дарыгер күз айларында пневмония диагнозу коюлган бейтаптардын анализдерин кайрадан текшерип чыкканы айтылат.

"Текшерүүгө алынган 14 анализдин ичинен бир адамдын анализинен COVID-19 инфекциясы табылган. Ал 53 жаштагы эркек адам, ооруканага 27-декабрда түшкөн. Бул маалда Кытай жаңы вирус тууралуу маалымат билдире элек болчу. Мындан тышкары Франциянын Кольмар шаарындагы ооруканада эмгектенген дарыгерлер күз айында дарыланып чыгышкан бейтаптардын өпкөсүнүн рентген сүрөттөрүн жарыялашкан. Анда дагы бир адамдан COVID-19 инфекциясынын белгилери байкалган. Жыйынтыгында эки жактын тең адистери Францияга коронавирус ноябрь айынын ортолорунда эле келиши мүмкүн деген бирдиктүү тыянак чыгарышкан", - деп жазылат маалыматта.

Ив Коэн Париждеги Авиценна атындагы ооруканада хирург: "Биз Европада коронавирус жуктуруп алганы аныкталган биринчи адам 2020-жылдын 24-январында катталды деп ойлоп жүргөнбүз. Бир канча илимий текшерүүлөрдүн жыйынтыгы бул теорияны жокко чыгарып жатат. Вирус декабрь айларында активдеше баштаган. Анын февраль-март айларында тездик менен жайылып кетиши буга далил".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.06.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде деле ноябрь, декабрь, январь айларында болуп откон биз грипп деп эсептеген оору ушул коронавирус болушу мумкун, анткени симптомдор 100% дал келет, мен да ошол оору менен ооруп андай гриппти омурумдо биринчи жолу башымдан откордум, ото катуу болчу. Менин оюмча бул оору боюнча дагы коп биз билбеген жагдайлар бар, ноябрь декабрларда чек аралар да ачык болчу, келсе ошондо эле келгендир бизге бул оору
01.06.2020. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы катуу грипп болгом январьда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: