"Балдарга 1-июнда балмуздак алып бербей, системдүү түрдө алардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды түзүү керек" дейт социалдык өнүктүрүү министри
"Балдарга 1-июнда балмуздак алып бербей, системдүү түрдө алардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды түзүү керек" деп бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
"2018-жылы декабрда, 2019-жылы январда бир нече балдарга карата зордук-зомбулук болгон 8 факты катталган. Ошол 8 фактынын төртөө балдардын өлүмүнө алып келген. Ошондон улам республикалык штаб уюштурулуп, ар бир райондордо, шаарларда иш алып барышкан. 700 миң үй-бүлөнү кыдырып, 106 миң 975 мигранттардын балдары каттоого алынды. Балдарды коргойбуз десек, 1-июнда балмуздак алып бербей системдүү түрдө балдардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды же кызматтарды түзүшүбүз керек деп айтканбыз. Ар бир айылда мигранттардын балдарын текшерип туруу керек", - дейт министр.

