super.kg logo

Вашингтондогу нааразычылык акциясынан улам Дональд Трамп Ак Үйдөгү бункерге эвакуацияланды

 

АКШда 25-майдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциясы өлкөнүн борбору Вашингтон шаарында дагы уланды. Акцияга чыккандар Ак Үйдүн жанына келишкенде президент Дональд Трамп жер астындагы бункерге эвакуацияланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ак Үйдүн жанындагы акцияга катышкандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Мындан улам президент Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп жана алардын уулу Беррон Ак Үйдөгү жашыруун кызматкерлер тарабынан коопсуз делинген жер астындагы бункерге эвакуацияланган. Алар бункерде бир сааттан ашык убакыт болушкан. Дональд Трамп бул окуядан кийин жашыруун кызматты социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мактоого алган.

Азыркы учурда Вашингтон шаарына коменданттык саат киргизилген.

Эске салсак, АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйноого алынып өлтүрүлгөндөн кийин башталды. Нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
01.06.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кишинида кармап барып отургузуш керек эле түрмөгө. Ошентип Вашингтондогу митинг бүтүп калдыбы?
01.06.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
001KG,эмнеге антесин Трамп кылган шоу биздин бийликтин кылган шоусуна тен келбейт
01.06.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чы..р жери саманкана болуп кетткен окшойт
01.06.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарды эми түшүнүшөт да
02.06.2020. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар карантинде бук болуп кетишти. Джордж флойддун олуму буларга себеп болду да.
02.06.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жерде канча жашынып жатмак эле. Тынч жашоо жок да ой санаа менен жашаса кк Трамп. Президент, миллиардер болгонун мн тынч жашоо болбосо пайдасы эмне
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: