super.kg logo

Вирусолог көл жээгинде эс алууда кандай коопсуздук чараларын колдонуш керектигин айтып берди

 

Орусиялык вирусолог Георгий Викулов жайында көл жээгинде эс алууну каалагандар үчүн санитардык коопсуздукту сактоо боюнча көрсөтмөлөрү менен бөлүштү. Вирусологдун сунуштамасын жергиликтүү маалымат булактары жарыялашкан.

Анда көл жээгинде коронавирустун жайылышына жол берилбеши керектиги айтылат.

"Негизи көлдөгү туздуу сууда инфекция көпкө жашай албайт. Башкача айтканда, көл вирустун таралышына жайсыз жер. Бирок көлдүн жээги анча деле кооптуу эмес. Андыктан ал жактан вирусту жуктурбайсың дегенге кепилдик жок. Ошон үчүн эс алуучулар бири-биринен социалдык аралыкты карманып жайгашышы керек. Суунун өзү дагы коркунуч жаратпайт. Бирок бул учурда адам көлгө кирери менен сүзүп кетиши керек. Анткени адамдардын сууда топтолуп, бир жерде туруусуна болбойт. Туздуу көлдөрдүн жээги көбүнчө расмий катталгандыктан, көзөмөл катуу болот. Мисалы ал жерлерге 50дөн ашык эс алуучуну киргизбеши мүмкүн. Ал эми шаардагы тузсуз көлмөлөр каралбайт деле. Мындан тышкары көлмөлөрдө туз жок, сууга түшүп жүргөн адамдын шилекейи аркылуу деле вирус оңой эле тарап кетет. Андыктан ар бир адам өзүнүн жана башкалардын коопсуздугү үчүн санитардык талаптарды аткарууну унутпашы керек", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: