Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат. Катышуучулар Алмазбек Атамбаев менен Равшан Жээнбековдун тарапташтары
















Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат. Сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары чогулган.
Бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму улантылып жаткан. Анда Атамбаев менен Жээнбеков айыпталуучулардын катарында.
Митингге топтолгондор аларды камактан бошотуу талаптарын коюшууда. Катышуучулардын арасында Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева, уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер, ошондой эле КСДПнын бир катар мүчөлөрү да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.