super.kg logo

Чек арадагы чырдан жаракат алган баланын атасы: "Ооруканада жаткан 4 адамдын бири менин уулум. Бир баланын моюнуна орок менен сайышыптыр, анын абалы оор"

 

Кечээ, 31-май күнү Кыргыз-Өзбек чек арасында чыр чыгып, бир нече адам жаракат алган. Жаракат алгандардын 4өө учурда ооруканада дарыланууда. SUPER.KG порталы чырга күбө болгон жана баласы жаракат алган Абдурасул Абдырахманов менен окуя тууралуу маек курду.

- Тажик тарап алдын ала даярданышкан экен. Чечмеликтер айылдагы булакты тазалап, түлөө өткөрүп аш жеп отурушканда күтүлбөгөн жерден тажиктер таш ыргытып башташыптыр. Тажиктер чек араны бузуп өтүп келишсе да биздин чек арачылар атышкан жок дешет. Анан эл жабылып таш менен уруп, тажиктерди кууп чыгышыптыр.

Кечээ 17 жашар уулум балдар менен чогулуп Чечмеге кеткен. Ошол боюнча байланыша албай койдук. Акыры кабатыр болуп өзүм бардым. Ал жакта кадимкидей уруш болуп жатканына күбө болдум. Таштар жамгырдай жаап жатты. Мурду канаган, кулагы айрылган балдар канжалап жүрүшкөн.

Мен кечке маал барганда аскерлер калканын тосуп, чек арада турушкан. Ары жактан тажиктер, бул жактан кыргыздар таш ыргытып жатышкан. Чечмедеги кагылыштан баламдын бетине таш тийип, "Тез жардам" менен ооруканага Айдаркен шаарына алып кеткенин угуп, кайра кайттым. Эптеп уулума байланышка чыксам, "Жакшы элемин, ата үйгө кайта бериңиз. Бул жакка келсеңиз кайра кете албай каласыз" дегенинен үйгө келдим. Мен кайтканда Чечмеде дагы деле уруш болуп жаткан.

Бүгүн чечмеликтерден абал кандай десем, туруктуу деп айтышты. Кечээ күнкү кагылышуудан катуу жаракат алган 4 бала учурда Айдаркен ооруканасында жатышат. Алардын экөөнүн абалы оор, экөө туруктуу. Эки туруктуу дегендин бири менин балам экен. Азыр ооруканага барып, баламды көрүп келе жатам. Баш мээси чайкалыптыр, көзүнө таш тийиптир. Балам "мурдум кычырап жатат" дейт, дарыгерлерден сурасам, мурду сынган эмес дешти. Ал эми абалы оор деген эки адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылыптыр. Бирөөнүн моюнуна орок менен сайышыптыр, дагы бири башынан жаракат алган дешти.

Менин балам Чечмеге барганда чыр күч алган учур экен. Эки тарап топ-тобу менен мушташканда аралашып, бетине таш жептир. Тажиктердин колунда узун темирлер, ороктор бар экен, таш ыргытчу аспаптар менен таш атып жатышты. Биздикилердин колунда таш эле бар болчу.

Бүгүн тажик тараптан 200дөй адам ооруканага жаткырылды деп жаңылыктардан берип жатышат. Анын канчасы чын билбейм. Аларга салыштырмалуу бизде ондогон эле адам ооруканага кайрылып, анын 4өө гана ооруканада калды. Мурду, башы канжалагандар толтура, алар бети-башын байлап алып эле жүрүшөт.

Тажик тараптагы үйлөрдүн өрттөнгөнү боюнча, бирөөсүн атайын өздөрү өрттөп салышты деп уктук.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 1-июнда "Кыргыз-Өзбек чек ара чатагынан улам ооруканага кайрылгандардын саны 25ке жетти. Алардын төртөө учурда ооруканада. Эки кишинин абалы оор деп бааланып жатса, эки бейтап орточо оор абалда", - деп билдирген.






Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чыр

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чыр

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы кагылышуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(12)
01.06.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ей шалпык чоңдор А десе Б дебей , тың болсоңор боло , кошунабыз дей бербей жолду жаап , сууну бербей койолу , биздин чоңдор эл жери үчүн ак кызмат кылбаганы өкүндүрөт .
01.06.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Atas,ошо жапканга эчтеке жокта
01.06.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Козум корбосо ,бору жесин деп отурасынар да э чондор?!
01.06.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чек ара атанардан калса да жаап койбойсунарбы, озунодун бизнесинерди ойлобой жепжутарлар
01.06.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир дагы туштуко карашпайт.Президент бир дагы кызыкпайт,ушунча эл какшап атат, кыйналып атат.Убалыдан корккула элдин каргышыдан.Тажиктер эмес силер олтуруп атасынар элинерди.
02.06.2020. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
muslima-0788, ошол чыр чыккан жерге ушул малдарды алып барып бир жыл жашатып койсо ьушунушор беле
01.06.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канча жылдан бери чек ара маселеси чечилбей келе атат. Канча президент иштеди, бироо да чечкен жок.
02.06.2020. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул чек ара маселесинде шалаакылык же чече тургандардын коркоктугу эле эмес, башка да маселе бар окшойт. Тымызын акчасын алышып коюп сөз айталбай отургандай.
02.06.2020. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Не кылалы согушалыбы? Ушулардан да коркуп жашагыча согушуп өлгөн артык. Баткенге баралыбы?
02.06.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Согушту чоңдорго ак үйгө башташ керек срочно!
02.06.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак уй,кок уйун ошол чек аранын жанына кочуруп койчу киши болсо ээ, качан чечилет,чырдашып эле келе жатабыз
02.06.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул тажик лөлүлөргө кандай чара көрүш керек ? Бирдемени көргөнү калышты бул лөлү тектүүлөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: