Өкмөт башчынын эмгек өргүүсү качан аяктай турганы белгисиз
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгек өргүүсү качан аяктай турганы белгисиз. Өкмөттүн басма сөз кызматынан Абылгазиев жумушка чыкканда кабарлай тургандыгын билдиришти.
27-майда премьер-министр кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан. Мындай чечимдин кабыл алынышына радиожыштык боюнча анын дарегине айтылган сын-пикирлер себеп болгон.
Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан. Бул маалыматты премьер-министр төгүндөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-09-11
15:35
2025-09-11
15:13
2025-09-11

15:06
2025-09-11

14:17
2025-09-11

12:15
2025-09-11

11:50
2025-09-11

Рейтинг:
-2

