super.kg logo

"Айрым өлкөлөрдө балдарды коргоо күнү 1-июнда эмес, 20-ноябрда белгиленет. Себеби...". Майрам тууралуу кызыктуу фактылар

 

Бүгүн, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү. Бул күндүн негизделип, майрамдалып келе жатканына 70 жыл болду. Балдар күткөн майрам тууралуу кызыктуу фактылар топтомун сунуштайбыз

№1 Балдар күнүн белгилөө боюнча эл аралык деңгээлдеги чечим 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн конгрессте кабыл алынган. Алгачкы жолу бул күндү майрам катары 1950-жылдан баштап өткөрүп башташкан. Ошол маалда дүйнөнүн 51 мамлекетинде салтанаттуу азем болуп өткөн.

№2 Балдар күнүн белгилөө боюнча чечим кабыл алынганына 10 жыл толгондо Бириккен улуттар уюму тарабынан балдардын укугун коргоо жөнүндө декларация түзүлгөн. Декларация юридикалык күчкө ээ болбосо дагы анын сунуштамаларын көпчүлүк өлкөлөр кабыл алып, колдоно башташкан. Мындан тышкары бул декларация балдардын укугун коргоо боюнча конвенцияга негиз болуп берген. Ал конвенция 1989-жылдын 20-ноябрында бекитилген. Учурда ал Эл аралык укуктук расмий документ болуп эсептелет.

№3 Айрым өлкөлөрдө балдарды коргоо күнү 1-июнда эмес, 20-ноябрда белгиленет. Себеби Бириккен улуттар уюму дал ушул күнү бардык мамлекеттерге балдар күнүн белгилөө сунушу менен кайрылган.

№4 Балдар майрамынын алкагында дүйнө балдарынын желеги иштелип чыккан. Анда туунун түсү жашыл түстө берилген. Анын ортосунда жайгашкан жер баарыбыздын жалпы үйүбүз деген маанини берет. Жердин тегерегинде тартылган балдарды элестеткен фигуралар ар кандай түстө, ал жер жүзүндөгү адамдардын ар түрдүүлүгүн, бирок ошого карабастан биримдикте жашай тургандыгын билдирген символ.

№5 1-июнь бир гана балдар күнү эмес. 2012-жылы БУУнун генералдык ассамблеясында ата-энелер күнү катары белгилөө чечими чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.06.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүгүн жаш балдар үчүн Жоломан такси бекер ташып жатат саат 18 00 чейин ата энеси и балдары болуш шарт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: