super.kg logo

Мамлекет башчы тарабынан бир катар балдар уюмдарына каржылык жардам көрсөтүлдү

 

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата мамлекет башчынын резервдик фондунан оор турмуштук абалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген бир катар коммерциялык эмес уюмдарга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оор турмуштук абалга кабылган балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн ондогон балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом суммасында колдоо көрсөтүлдү.

  • "Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору" мекемеси;
  • "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси;
  • "Тянь-Шань балдары" коомдук бирикмеси;
  • "Благодать" коомдук фонду;
  • "Жылмаюу" коомдук фонду;
  • "Эне бала мээрими" коомдук фонду;
  • "Теңир Колдо" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
  • "Ай-Мээри" коомдук бирикмеси;
  • "Ариет" мектепке чейинки (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) атайын билим берүү уюму;
  • "Стимул маалыматтык-кеңеш берүү жана демонстрация борбору" коомдук фонду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: