Шарипа Жоробекова: "Жумалиевдин маселеси калыстык менен каралса, сот анын пайдасына чечим чыгарат"
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин тегерегиндеги окуя боюнча химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Шарипа Жоробекова пикирин билдирди.
- Кубанычбек Жумалиевге байланышкан азыркы кырдаал мен үчүн түшүнүксүз болуп турат. Себеби биз абдан адамгерчиликтүү, эмгекчил, ак ниет адам катары таанып, билип келген бул инсандын айланасында болуп жаткан окуялар, айыптоолор өтө көп суроолорду жаратат. Эгер бул иштер калыстык менен карала турган болсо, анда сот иштери Жумалиевдин пайдасына, оң жагынан чечилет деген үмүттөбүз.
Кубанычбек Мырзабекович канча деген адамдарды жумуш менен камсыз кылып, абийирдүүлүк менен эмгектенип жүргөнү үчүн ушул убакытка чейин эли менен өз өлкөсүндө жүрөт. Мисалы, жалпы журтка маалым болгондой, 2005-жылдагы белгилүү окуядан соң көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана чоң бизнесмендер чет өлкөлөргө качып кетишкен. Ал эми Кубанычбек Жумалиев эч жакка качпай, саясаттан убактылуу четтетилсе да, өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык багытына жеке ишкер катары салым кошууну уланткан.
2005-жылдан кийин ал баш оту менен ишкерчиликке киришкен. Биздин өлкөдө бир нерселерди алып, кайра сата коюп, жок жерден пайда көргөн ишкерлер өтө көп. Алардан айырмаланып Кубанычбек Мырзабекович илим адамы катары илим аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүүдө аракеттерди жасачу, жаңы технологияларды алып келип, кадрларды окутуп, даярдап чыгаруу аракетинде болду. Мисалга алсак, биздин академик Кубанычбек Жумалиев Түштүк Кореядагы кесиптештери менен бирге көмүрдүн таза түрүн иштеп чыккан жана көмүрдүн калдыктарын кайра иштетүү, комплекстүү пайдалануу боюнча брикет фабрикаларды ачкан.
- Кубанычбек Жумалиев туурасында жекече пикириңиз кандай?
- Кубанычбек Жумалиевдин окумуштуу катары эле эмес, эл ичиндеги кадырлуу коомдук ишмер, белгилүү саясатчы катары да салмактуу аброю бар. Өзү күнүмдүк турмушта абдан маданияттуу, интеллигент киши. Бирок мен анын эмгекчил, көрөгөч инсан катары саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарына кошкон салымы абдан чоң экенин баса белгилеп айтат элем. Мисалы, бул киши бизнес жүргүзүүнү гана ойлобостон, билим берүү тармагына жана илим жаатына зор салым кошуп, эң сонун демилге, сунуштарды көтөрүп чыгып, бул багыттарды өнүктүрүүгө активдүү катышып келди. Кыскача айтканда, келечек ээлеринин, жаштардын татыктуу билим алуулары үчүн мыкты шарттарды түзүп берүүдө көптөгөн алгылыктуу, олуттуу иштерди жасады, бир нече окуу жайлардын ачылышына кол кабыш кылып, заманбап ыңгайлуу окуу жайларын түзүүчүлөрдүн бири болгон. Ишкердикте, саясатта тажрыйбасы мол мындай сабаттуу адам илим жана билим чөйрөсү үчүн эле эмес, жалпы журт үчүн абдан керек.
Жоробекова Шарипа Жоробековна – Химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун директору, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти. 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Даңк» медалы, «Ардак Белгиси» ордени, Ленин комсомолу, Баласагын атындагы жана «Руханият» Ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты.
кошулду





1 |