Орусияда 400дөн ашуун журналист коронавирус жуктуруп алышса, анын бешөө каза болгон
400дөн ашуун орусиялык журналист коронавирус илдетине кабылып, көбүндө оору жеңил формада өттү. Бул тууралуу Орусиянын журналисттер союзунун төрагасы Владимир Соловьев билдирди деп жазышат орусиялык басылмалар.
Илдетке кабылган журналисттердин ичинен бешөө каза болгон. Ал эми дүйнө жүзү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ичинен инфекцияны жуктуруп алып каза болгондордун саны 60тан ашкан. Алар 30дан ашык өлкөдө катталган.
Ал эми Швейцариянын "Press Emblem Campaign" (PEC) өкмөттүк эмес уюму ачык булактардан маалымат чогулткан. Анда март айынан бери 31 мамлекеттен 117 журналист коронавирус илдетинен көз жумган деген маалыматты жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.