Президент: "Балдарды ар тараптан колдоо, алардын укуктарын урматтоо - мамлекеттин, коомубуздун милдети"
Президент Сооронбай Жээнбеков Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалпы дүйнө жүзү менен бирге жайдын алгачкы күнү биздин өлкөбүздө Балдарды эл аралык коргоо күнү белгиленет. Балдарды ар тараптан колдоо, алардын укуктарын урматтоо, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо - мамлекеттин да, коомубуздун да милдети.
Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек.
Мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат.
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо - мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталды.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга өзгөчө көңүл бурулат", - дейт Жээнбеков.



1 |