Өкмөт үйүндө балдардын биринчи онлайн саммити өттү









Бүгүн, 1-июнда Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын балдарынын биринчи онлайн саммити өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ушул жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режимде өтүүдө.
Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм жана балдар катышты. Аида Исмаилова балдардын биринчи онлайн саммитинин катышуучуларын жана өлкөдөгү жалпы балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.
"Өкмөт балдар укугунун сакталышын камсыздоого милдеттүү. Ал эми тарбиячылар жана мугалимдер ар бир баланын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүсү кажет. Балдардын укугун сактабай туруп, өнүккөн коомду, келечекти куруу мүмкүн эмес. Биздин мамлекетте балдардын жашоосу мазмундуу жана кызыктуу болушу үчүн колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Шаарларда жана райондордо спорт аянтчалары, ден соолук чыңдоочу комплекстер курулуп, жаңы бала бакчалар жана мектептер ачылып, социалдык коргоо жана балдарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады Аида Исмаилова.
Вице-премьер-министр белгилегендей, улуулардын башкы милдети - дени сак жана адептүү муунду өстүрүү, ар бир баланын укуктарын коргоо, аларды катаал мамиледен жана зомбулуктан сактоо, мээримге курчоо болуп саналат. "Бүгүнкү биздин кылган ишибизден, балдардын маселелерине кылган мамилебизден эртеңки күнүбүз көз каранды, себеби балдар – биздин келечегибиз. Ар бир бала сүйүүгө, мээримге жана камкордукка курчалып турсун. Бүгүнкү күн толук бойдон Кыргыз өлкөсүнүн кенже жарандары болгон сиздерге арналат. Балдарга бекем ден соолук, кызыктуу жана көңүлдүү жайкы эс алуу каалайм. Бактылуу болгула, жүзүңөрдө ар дайым жылмаюу болсун. Бүгүн өкмөт ЮНИСЕФ Балдар фонду жана өнөктөштөр менен биргеликте Кыргыз мамлекетинин балдарынын алгачкы онлайн саммитин уюштурууда", - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

