super.kg logo
  Саясат  

Бишкек: Лексус айдаган айым МАИчилерди тоготпой качып, "ишенгеним Суранчиев" дейт

 
SUPER.KG порталына бүгүн бир видео жүктөлдү. Анда Лексус унаасын айдаган айым МАИ кызматкерлерин тоготпой шаарды аралап качканы көрсөтүлөт. Аны жол көзөмөлдөө кызматкерлери "Шампанвинкомбинаттан" өзү иштеген мекемеге чейин токтото албай барышты. Ишине жеткенде унаадан түшүп, көз көрүнөө аларды тоготпой басып кеткенин кадрдан көрүүгө болот. Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Лексустун номурун чечип алышты. Бул маалда айым кайрылып келип "Номурду бергиле, Суранчиевге (ред. Абдулда Суранчиев ИИМдин башчысы), Мелис байкеге телефон чалам" деп ызылдады. Такталбаган маалымат боюнча, айымдын аты Назик Чодронова. Социалдык түйүндөрдөгү анкетасында анын РСК банктын кызматкери экени жазылуу. "Содружество-1999" сынагында "Вице-мисс" наамын жеңген экен. Окуя боюнча Бишкек ШИИББинен: "Учурда териштирүү жүрүп жатат. Бул боюнча кошумча маалымат беребиз",- деп билдиришти. Ал эми ал иштейт деген банкка байланышып кыска гана жооп алдык. "Бул тууралуу маалымат бере албайбыз, бизде андай кызматкер жок",- дешти банктан.

кошулду





Таанышым министр Суранчиев деп МАИни көзгө илбеген айым

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: