super.kg logo

Беларуста коронавируска 3 миңден ашык балдар кабылган

 

Беларуста коронавирус менен 3 миң 600 бала катталган. Бул жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттары расмий маалыматтарга таянып жазышууда.

Анда жазылгандай, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө жалпы 3 миң 600 бала COVID-19 пандемиясы менен катталган. Алардын көпчүлүгү, тагыраагы, 95 пайызы вирусту белгилери (симптомдору) жок алып жүрүүчүлөр. Балдардын ичинде анчалык көп эмес сандагы орто оор абалдагылары бар.

"Эреже катары бул коштолуучу патологиясы бар, гематологиялык оорулары бар, тилекке каршы, семирүү менен ооруган балдар. Бактыга жараша, оор абалдагылар жокко эсе", - деген өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эне жана балага медициналык жардам бөлүмүнүн адиси Татьяна Бурдь.

Беларуста 43 миң 403 адам вирус менен катталса, 240 жаран каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: