super.kg logo

Беларустан 179 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти

 

Бүгүн, 2-июнда, "Avia Traffic Company" авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча Беларустан Кыргыз өлкөсүнүн 179 жараны кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аба каттамы Беларустагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги тарабынан уюштурулду. Аба каттам менен Австрия, Армения, Беларусь өлкөсү, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланды, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстония өлкөлөрүндө жүргөн Кыргыз жарандары кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз өлкөсүнүн Европадагы агенттиктерине берилген арыздардын негизинде түзүлгөн. Учурда белгиленген тартипте келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Чет өлкөлөрдө жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын өлкөгө кайтарып келүү боюнча иштер улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2020. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа жакшы Бакыйыпты дагы сага келбепсинер бир жолу эки иштен бир иш дегендей...
02.06.2020. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кытай десе эле каратистерди,
Тракторист десе эле май болгон байкелерди
Анан... Белоруссия десе эле Бакиевдерди элестетип калдык го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: