super.kg logo

Испанияда март айынан бери биринчи жолу коронавирустан каза болгондор катталган жок

 

Испанияда март айынан бери биринчи жолу коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта акыркы суткаларда 71 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталганы айтылат.

"Испанияда 2-июнга карата вирустан жабыркагандардын саны 240 миң адамга жеткен. 1-июнда карантиндик чараларды жеңилдетүүнүн акыркы этабы күчүнө кирди. Буга байланыштуу өлкөдө бассейндер, соода борборлору, театрлар, спорттук залдардын ачылышына уруксат берилди. Ошол эле маалда тургундар өз провинцияларынын аймагынан тыш чыга албайт. Жакындары менен жолугушууда да 15 адамга чейин гана чогулууга уруксат берилген. Кафе жана ресторандар кардарларды ички залдарында гана кабыл ала алат. Ал жакта жалпы столдордун санынын 40 пайызы гана ээлениши керек.

Испания коронавирустан көбүрөөк жабыркаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Ал жакта чек аралардын жабылышынан жылда күтүлүүчү 7 миллионго жакын турист келбей калган. Мындан улам өлкөнүн финансылык жоготуусу 7 миллиард еврону түзгөн"
, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: