super.kg logo
  Саясат  

Депутат саясий куугунтук менен коррупция боюнча соттолгон адамдардын жакындары жабыркабашы керектигин айтты

 

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Алтынбек Сулайманов саясий куугунтук менен коррупция боюнча соттолгон адамдардын жакындары жабыркабашы керектигин айтты.

"Коррупцияга каршы күрөш болуш керек. Коррупция ишине катышкандар өз жазасын алганы туура. Бирок жакындары дагы жаза алганы бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес. Саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо анын жакыны дагы жабыркап калышы мүмкүн. Эмне үчүн бул мыйзам долбоорунда депутаттыкка баргандар эле каралып жатат? Президент, өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын мыйзам кылып киргизүү шарт", - деди депутат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов: "Коррупция боюнча соттолгон жарандардын Жогорку Кеңештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: