super.kg logo

Министрлик: "Бүтүрүүчүлөргө аттестат жана күбөлүк акысыз берилет"

 

Жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын документ үчүн акча талап кылууга укугу жок экендиги белгиленет.

"Учурда бул боюнча район жана шаардагы тиешелүү адистерге эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы кырдаалга байланыштуу министрлик басмакана менен биргеликте даярдалган документтерди облустун борборлоруна чейин акысыз жеткирип берет. Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 41 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 45 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.06.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кезектеги жомок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: