super.kg logo

Жалал-Абад облусунда Хизбут-Тахрирчи экстремисттик көз карашынан кайтты

 

Жалал-Абад облусунда Хизбут-Тахрирчи экстремисттик көз карашынан кайтты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ноокен РИИБинин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын профилактикалык каттоосунда 2005-жылдан бери "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү катарында турган, Ноокен районунун тургуну 1982-жылы туулган З.К. бул уюмдан баш тарткандыгын билдирген.

Ал мындай кадамга Ноокен РИИБинин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринен соң баргандыгын айткан. Ошондой эле аталган диний экстремисттик партиянын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын ачык айтып, кайрылуу жасаган. Ошону менен бирге ал жарандарды экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана катышпоого чакырган.

Жалал-Абад ОИИБинин каттоосунда ар кандай диний экстремисттик агымдардын мүчөлөрү катары 500дөн ашуун адам турат. Жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 20дан ашуун атуул бул агымдардан баш тартышкан.






Жалал-Абад облусунда Хизбут-Тахрирчи экстремисттик көз карашынан кайтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Динге берилбегиле достор пайда жок.
02.06.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адашкан адам куноосун мойнуна алса Алла Таала кечирет. Ислам дини адамдын ден соолугуна, ички дуйносуо эн коп конул бурган дин. Кээ бир ою жаман адамдар оз кызыкчылыгы учун Кудайдан коркпой Ислам дининен толук билимм жок адамдарды ар жактарга буруп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: