Бишкектеги 5-кичи райондо жүргөн жыланды сейилдетүү үчүн алып чыгышканы маалым болду (видео)
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы 5-кичи райондо жыландын жүргөнү видеого тартылып алынган. Кийин такталгандай, жыланды зоологиялык парктын кызматкерлери сейилдетүүгө алып чыгышкан. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Зоологиялык паркта иштегендер эл арасында чуу жараткан жылан "императордук удав" экенин билдиришкен. Жыландын башка түрлөрүнө салыштырмалуу булар агрессивдүү эмес жана адамдар үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт. Шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-кичи районундагы "Космопарк" соода борбору жабык турганы маалым. Бирок анын ичинде жайгашкан мини зоологиялык жайда кармалган жаныбарларды күнгө алып чыгууну чечишкен. Зоологиялык парктын кызматкерлерине Октябрь райондук акимиаты тарабынан "коомдук тартипти сактоо" боюнча эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.
Бишкекте оюн-зоок, соода борборунун жанында чоң жыландын жүргөнү тартылып алынды




1 |